Баткенде тажиктер кыргыз айылдарына суу өткөрбөй жатабы? Жергиликтүү бийликтин жообу

Баткенде суу бөлүнгөн жердеги «Головной» суу топтомосунда тажиктер кыргыз айылдарына суу өткөрбөй жатат. Бул туурасында соцтармак колдонуучусу Жылдыз Бекбаева жазып чыкты.

Анын айтымында, Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр айылдарына ушул кезге чейин суу берилбей 1 сотых жерге да эгин эгилген эмес.

«Ошол жерди биротоло алдырып коё электе Өкмөт башчы, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев кыймылдаса болор эле.  Ушундай кымбатчылык болуп жатканда, эл эгин экпесе, эртең кантип тиричилик кылат?» — дейт ал.

Бул абал боюнча Сереп Медиа агенттиги Баткен облустук администрациясына кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, суу тартыштыгы маселеси жеке эле Баткенде эмес, Тажикстандын айылдарында дагы байкалып жатат.

«Баткен районунун Самаркандек айылына Кыргызстандын Ак-Суу дарыясынан Тажикстандын аймагын аралап өткөн сугат каналдары аркылуу суу барат. Тактап айтсак, Самаркандек айылына үч сугат каналынан суу барат. Алар Ак-Татыр, Кайырма, Жыйноо каналдары. Учурда Ак-Татыр каналы аркылуу айылга суу жетип жатат. Ал эми Кайырма жана Жыйноо каналдарынан суу жеткирүү кыйын болууда.

Анткени Ак-Суу дарыясындагы суунун былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе аз болуп жаткандыгына байланыштуу жана жазгы айдап себүү жумуштары жүрүп жаткандыктан, Тажикстандын айылдарында да суу тартыштыгы жаралып, натыйжада Кыргызстандын Самаркандек айылына суу жеткирүү кыйынчылыктарды жаратууда.

Бул маселе боюнча бүгүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев аталган аймакка барып, маселени жеринен көрүп келди. Чынында дарыядагы суунун аздыгынан Жыйноо каналына суу чыкпай жаткандыгы маалым болду. Суу жетпей жаткан Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык айылына суу жеткирүү боюнча эртең дагы бардык мүмкүнчүлүктөр каралат.

Белгилей кетсек, Маруфхан Тулаев Паскы-Арык айылына республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан суу насосунун курулушун бүткөрүүнү тездетүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди», — дешти администрациядан.