Abank
SerepTV Logo

Баткендеги аскер бөлүктө жарылуу болуп, чек арачы бутунан жаракат алды

Баткендеги аскер бөлүктө жарылуу болуп, чек арачы бутунан жаракат алды
25-февралда белгисиз заттын жарылуусунан УКМКнын Чек ара кызматынын бир жоокери жаракат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.  Алдын ала маалыматтар боюнча, № 2021 аскердик бөлүктөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда мештен өрт чыгып, белгисиз зат жарылган. Анын кесепетинен 2003-жылы туулган аскер кызматкери бутунан жаракат алган. Аскер кызматкери дароо Раззаков шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аскер кызматчысынын ден соолугунун абалы орточо деп бааланууда.