Баткендеги чек арада каза болгон жоокерлердин сүрөтү музейге өткөрүлдү (сүрөт)

Бүгүн, 23-декабрда Баткендеги чек ара коогалаңында мекен үчүн курман болгон жаш жоокерлердин портреттери расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Иш-чара курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Иш-чара Баткен окуяларында буга чейин жана жакында курман болгон жоокерлерге куран багыштоо менен жыйынтыкталды.