Баткенден Бишкекке 79 жабырлануучу жеткирилди

Бүгүн, 18-сентябрь саат 9:30га карата саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 129 жабырлануучу, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 39 жабырлануучу;
Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 4 жабырлануучу;
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында – 79.
Жабырлануучулардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Бардыгына тен тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, кандын компоненттери, дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар жетиштүү.