Баткенден чек арадагы Ак-Сай айылына бекер маршруттук такси каттай баштады

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары үчүн акысыз маршруттук каттам уюштурулду. Бул тууралуу аталган дубандагы президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Буга чейин Ак-Сай айылынын жашоочулары облус башчысына аталган маселе боюнча кайрылышкан. Маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40та Баткен — Ак-Сай, ал эми кечинде саат 17:00дө Ак-Сай — Баткен боюнча акысыз жүргүзүлөт.