Баткендин башчысы тургундардан кечирим сурап, элге 20 эмес, 30 сотыхдан жер берилерин айтты

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурап, элге 20 эмес, 30 сотыхдан жер берилерин айтты.

Ал эл менен сүйлөшкөндөн кийин Достук айылынын тургундарына эми 10 сотых жерге үй салынарын, 10 сотых жер келечекте үй салууга жана Кызыл-Бел айылынан 10 сотых жер айыл чарба багытына берилерин билдирди.

Шаменовдун Достук айылынын тургундары менен жолугушуусунда ороңдогон видеосу чыгып, көп өтпөй жоругу үчүн президент Садыр Жапаровдон эскертүү алган.