Баткендин Маргун айылына гумжардам жеткирилди

Бүгүн, 2-май күнү Баткен облусунун Маргун айылына эвуакацияланып келген тургундарга ӨКМ тарабынан 3 КамАЗ гумжардам жеткирилип берилди.

Кечээ, 1-майда Лейлек районунун Достук жана Максат айылдарынан эвакуацияланган жарандарга ӨКМ тарабынан азык-түлүк Исфана шаарына жеткирилген. Ошондой эле Сүлүктү шаарына Арка, Кулунду айылдарынан эвуакациянып келген элге ӨКМ тарабынан 1 КамАЗ гумжардам жеткирилип берилген.