Баткенге бара жаткан жол боюн гүлзарга айланткан багбан: «Бош жер көрсөм, гүл тикмей адатым бар»

Буга чейин Баткенге бара жаткан жол боюн гүлзарга айланткан багбан көпчүлүктү таң калтырган

«Баткенге бара жатып кызык нерсе көрдүм. Жол боюна гүл өстүрүптүр. Ичи жүзүм бак экен. Көздү суктантат. Бул айылды Бүргөндү деп коёт, күрүчтүн мекени», — деген видеонун автору.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жол боюн гүлзарга айланткан багбанды таап, маектештик. Багбандын аты Абдимиталип Турсматов. 56 жашта. Убагында Чернобыль окуясына катышкан. Жубайы экөө 2 кыз, 2 уулдун атасы.

«Ишти 9 жыл мурда айыл өкмөттөн жер сурап баштагам. Аянты 3 гектар. Ал жерде жүзүм, өрүк, шабдаалы, дарбыз, күрүч өсөт. Гүлдү 6 жыл мурда өстүрүп баштагам. Гүлзарда балык да багам. Гүлдү жакшы көрөм. Кайсы жер бош болсо эле гүл сепмей адатым бар. Тикенекти да гүлдөтөм (күлүп). Көпчүлүк шабдаалы, өрүк, жүзүмдү ошол жерден сатып алып кетишет. Жашаган үйүм Кадамжайда, бирок жазгы талаа иштери башталганда эле жубайым экөөбүз ошол жерге жайгашып, жашап алабыз. Дээрлик убактыбыздын баары ошол жерде өтөт. Жемиштер бышып, гүлдөр гүл ачкан мезгилде жолдон өткөн адамдар кызыгып, токтошот. Айрым ырчылар келип, эс алып, сүрөткө түшүп кетишет. Келечекте ушул жер Кыргызстандагы эң көрктүү жер болсо деп кыялданам жана багбанчылыкты башкаларга да үйрөткүм келет», — деди ал.