«Батукаев жигит болсо, кечирим сурайт деп ишенем». Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө эмне болуп жатат?

Бүгүн, 17-сентябрда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата Кой-Таш айылындагы үйүндө анын жакындары жана санаалаштары чогулушту. Чогулгандардын арасында уулдары Сеид Атамбаев, Кадыр Атамбаев, туугандары, өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, жан сакчысы Дамир Мусакеев, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясат таануучу Токтогул Какчеев, активист Токтайым Уметалиева, «Социал-демократтар» партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков бар.

Карамушкинанын айтымында, Атамбаев күчтүү оппонент, ал үчүнчү жыл түрмөдө отурганына карабастан, мурдагы бийлик өкүлдөрү дагы, азыркы бийлик дагы ушул күнгө чейин андан коркот.

Ал эми жубайы Раиса Атамбаеванын айтымында, Алмазбек Атамбаев көптөгөн шериктери түрмөдө отурганына кейийт. Андан тышкары, ал 20 жыл бою Сооронбай Жээнбековдогу чыккынчылыкты байкабаганына өкүнөт. 

Мындан тышкары, сөз сүйлөгөндөрдүн арасында Атамбаевдин биринчи жубайынын апасы Гуласал Теңизбаева да болду. Анын айтымында, Атамбаев элди сыйлаган үчүн абакта отурат. «Батукаев жигит болсо, Алмазга келип кечирим сурайт деп ишенем, дуба кылам», — деди ал.