«Батуми» кафесин бузуу учурунда ээси экскаватордун астына кирип, мөөнөт берүүнү суранды

Бишкектин Жал кичи районундагы “Батуми” кафеси сүрдүрүлүп жатат. Уратуу учурунда ээси бузууга тоскоолдук кылып, экскаватордун алдына турууга аракет кылды.

Андан соң ээси Бишкек бийлигинен мекемени өздөрү демонтаждап, жабдууларды жана эмеректерди алып кетиш үчүн убакыт берүүнү суранышты. Бирок вице-мэр Нурдан Орунтаев аларга буга чейин 10 күн берилгенин, бирок көңүл бурбай койгонун айтып, баш тартты.