«Баягы жомок». Мадумаров ИИМден чыгып бара жатып комментарий берүүгө үлгүрдү

«Баягы жомок Баткен боюнча». Адахан Мадумаров ИИМден сотко чыгып бара жатып журналисттерге комментарий берүүгө үлгүрдү.

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалганы маалымдалды. Аны ИИМден сотко алып кетишип, бирок кандай себептен кармалганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.