28-август күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну, 1991-жыл туулган Нурайым Исакова үч эмди жарыкка алып келди. Ал эки кыз, бир уул төрөдү.
Кош бойлуулуктун өзгөчөлүгүнө байланыштуу дарыгерлер кесарево жолу менен операция жүргүзүшкөн. Учурда эненин да, балдардын да абалы жакшы.
Нурайым жолдошу менен буга чейин үч баласын тарбиялап келген.