Базар-Коргондо 9 ай мурун жоголгон өспүрүмдү издөө иштери жанданды

Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүмдү издөө кайрадан уланып жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ушул жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылында 2009-жылы төрөлгөн өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу 2-апрель күнү ӨКМге билдиришкен. Маалымат түшкөн күндөн тарта куткаруучулар тарабынан 2-апрелден-14-апрелге чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, атасынын ыраазычылык катынын негизинде убактылуу токтотулган. Бир нече күн изделгенине карабастан, табылган эмес.

Базар-Коргон РИИБге туугандарынын кайрылган катынын негизинде бүгүн издөө иштерин улантууга Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 15 куткаруучу тартылды.