Базар-Коргондо күн электр станциясын курууга жер тилкелеси трансформацияланды

Базар-Коргондо күн электр станциясын куруу үчүн жер тилкелеси трансформациялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу кечээ, 30-декабрда Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу максатында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кеңеш айылынын аймагында жайгашкан жер тилкелерин индустриалдык-логистикалык борбор куруу максатында берүү (трансформациялоо) чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарынын аймагына ГЭС куруу максатында аталган аймакта жайгашкан жерлерди трансформациялоо чечими кабыл алынган. ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВтка чейин жетет. Мындан тышкары социалдык-экономикалык объектилерди, ошондой эле турак жай объектилерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө чечим бекитилди.