Бейтапканадагы бейтаптын өлүмү боюнча министрлик комментарий берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги № 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтаптын өлүмү боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, 55 жаштагы аялда антибактериалдык препаратты (экстенбензатин) булчуңга алгандан кийин эки-үч мүнөттүн ичинде башы айланып, дем жетпей, эсин жоготуп, эриндери капыстан көгөрүп кеткен. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай аял каза болгон.

«Жашаган жери боюнча каттоодо туруп, митралдык клапанынын жетишсиздиги, жүрөк оорусунан улам кардио-ревматологдун көзөмөлүндө болгон. Антибактериалдык препаратты врач жазып берген, аны буга чейин эле алган. Алдын ала анализ көрсөткөндөй, бул антибиотик Кыргызстанда катталган жана сапаты бааланган. Учурда дары-дармекти колдонуудагы олуттуу терс реакциянын себеп-натыйжа байланышына талдоо жүргүзүлүп жатат», — дешти.