«Бекер десе ишенген эмесмин». Алтын балалык» борборуна Ош, Баткенден балдар жөнөтүлдү (видео)

Кечээ, 19-июнь күнү балдардын кезектеги агымы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.