“Бекер жашап тур” деп батир сунуштагандар болду дейт SUPERTV’нын каарманы

SUPERTV каналы “Тагдыр” рубрикасынын алкагында ала оорусу менен жабыркап, жакында көз жаруунун алдында турган Назгүл Акматова аттуу келиндин тагдырын чагылдырган.

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган күйөөсүнүн кордуктарына чыдабай, 3 кызын алып үйдөн чыгып кеткен. Ал жашай турган жери жок экенин, учурда аны кезиктирип калган Улук аттуу жарандын үй-бүлөсү таап, акысын бир айга алдын ала төлөп койгон батирде жашап жатканын айткан. “Бул жерден да жакын арада мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу чыгышыбыз керек”, — деген эле каарманыбыз.

Чыгарылыш коомчулукка тарагандан кийин келинге телефон чалып, акысыз жашап тур деп батир сунуштагандар болгонун айтат. “Жашы 35тер чамасында бир байке телефон чалып, учурда Чолпон-Ата шаарында иштерин, Бишкек шаарындагы үйүндө эч ким жок экенин айтты. Чаң басып жатканча сен кыздарың менен үйүбүздө жашап тур, качанга чейин жашагың келсе жашай бер, акысыз эле деди. Эгер туура келсе ошол үйгө көчүшүбүз мүмкүн”, — дейт Назгүл Акматова.

Каарманыбыздын тагдыры кандай өзгөргөнү тууралуу чыгарылышты алдыдагы сааттарда SUPERTV Ютуб каналынан көрө аласыздар.