Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу жаралат. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Мындай эрежени бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15000 сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган. Айып пулга жеңилдик берилбей, толук төлөнөт.
Сиз жол кыймылынын эрежелерин бузууларга күбө болсоңуз 0777 102 102 ватсап номерине видео же фото жөнөтүп койсоңуз болот. Аныкталган укук бузуулар боюнча жол тескөөчүлөрү тиешелүү чараларды көрүшөт.