Белгилүү журналисттин токолумун деген келин: «Суукта кызым менен үйдөн кууп чыкты»

Биздин редакциябызга 27 жаштагы Азима Тынымсейитова аттуу келин кайрылган. Ал өзүн «белгилүү журналисттин экинчи аялымын» деп тааныштырып, учурда кичинекей ымыркайы менен көчөдө калганын айтат.

«Мен президенттин колунан саат алган журналисттин экинчи жубайымын. Өзүнүн мыйзамдуу жубайы бар. А мен болсо кичинекей кызым менен көчөдө калдым. Азыр барганга жерим жок калып, сиздерге кайрылууга аргасыз болдум. Ал адам мен кош бойлуу кезимде аялы менен келип, экинчи аял бол деп айткан. Ата-энелер сүйлөшүп, экинчи аял болсун, экөөнү бирдей карасын дешкен. Бирок кайненем мага тынчтык берген жок. Айткан сөздөрүнөн танды. 2 жылдан бери үйдөн чыгарууга аракет кылып, асылып келген. 8-январда ушундай окуя болуп кетти», — деди ал.