Белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев көз жумду

Кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын Манас таануу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Кененсариев Ташманбет 1949-жылы 5-сентябрда Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган. 1968-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1978-1979-жылдары Москвадагы Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетте стажер-окутуучу, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп, 1981-1984-жылдарда Москва мамлекеттик университетинин аспирантура бөлүмүндө окуп, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис, иран, кытай, немец, поляк тилдеринде илимий 17 монография, 3 окуу китеби, 18 окуу-усулдук курал, 350дөн ашык илимий макалаларды жазып чыгарган. Кененсариевдин жетекчилигинде 20га жакын кандидаттык илимий иштер корголгон.

Ташманбет Кененсариевдин эмгеги мамлекет жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан да жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери”, “Борбордук Азия Элдик академиясынын академиги” жана Улуу Британиянын Эл аралык биографиялык борборунун «2005-жылдын Эң мыкты педагогу» деген наамдарына татыган. “Даңк” медалы менен сыйланган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.