Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу редакцияга анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, бул келиндин бешинчи төрөтү болгон. «Эки сутка карабай коюшкан. Эки суткадан кийин кесарево кылып, эртеси күнү кайра операция жасашкан. Операциядан келинчегим чыкпай калды. Комада жаткан жеринде операция жасашты. 5 бала калды»,- деген жолдошу өлкө башчысына кайрылып, адилеттик издеп жатканын билдирди.
Редакция окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.