Бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөгөн аскерлердин пенсиясын жогорулатуу демилгеси талкууланды

«Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдагылиев, депутаттар Кубанычбек Самаков жана Гүлшаркан Култаеванын катышуусунда «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча кеңири форматтагы талкуу болуп өттү. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Кубанычбек Самаков, Улукбек Карыбек уулу, Гүлнара Баатырова.
Мыйзам долбоору аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу жана алардын кызматына татыктуу баа берүү максатын көздөйт. Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, сунушталган өзгөртүүлөр деңиз деңгээлинен 1800 метр жана андан жогору бийиктикте жайгашкан аймактарда 10 календардык жылдан ашык кызмат өтөгөн аскерлерге тиешелүү.
Тагыраагы, мыйзам долбооруна ылайык: бийик тоолуу шарттарда кызмат өтөгөн мезгил үчүн белгиленген райондук коэффициенттер пенсияны эсептөөдө сакталып калат; кызмат учурунда берилүүчү үстөктөр жана компенсациялык төлөмдөр кызматкер пенсияга чыккандан кийин да эске алынат; бул чаралар аскер кызматкерлерин татыктуу карылык менен камсыз кылууга жана аскердик кызматтын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган.
Талкууга Коргоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Талайбек Шаршеев, Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева, ошондой эле Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Өзгөчө кырдаалдар, Финансы жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү демилгени колдоого алышып, бийик тоолуу жерлердеги оор шарттарда Мекен чегин коргогондор үчүн бул өтө маанилүү кадам экенин белгилешти. Жыйындын соңунда катышуучулар арасында «суроо-жооп» сессиясы уюштурулуп, мыйзам долбоорун мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар жүйөлүү сунуш-пикирлер ортого салынды. Демилгечилер аталган мыйзам долбоору боюнча кесипкөй деңгээлде кеңири талкуу жүргүзүүгө жана бардык тараптардын пикирин угууга даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле документти сапаттуу иштеп чыгуу максатында бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын сунуштарын эске алуу керектиги белгиленди.