«Билетин тээ 16-декабрда сатып алган». Казакстанда кармалган кыргыз музыканты боюнча ИИМ үн катты

Казакстанда кармалган Бишкектен бардым деген музыкант Викрам Рузахунов аталган өлкөгө концерт өткөрүү үчүн жөнөп кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан музыканттын туугандарына таянып кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алган, 2-январь күнү саат 20:00дө учуп кеткен. Аэропортко дейре аны апасы Кундузхан Рузахунова менен анын небереси Аскат Сериков коштоп келишкен. Анын Казакстанда башка туугандары жок. Викрам Рузахунов ал жакка бир гана концерт өткөрүү жана Казакстандагы фестивалдарга катышуу үчүн чакыруу боюнча гана барып келип турган.

Ички иштер министрлиги Кыргыз жаранынын кармалышынын бардык шарттарын аныктоо боюнча текшерип жатат.

Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды. Буга удаа эле Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам — бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов экенин тааныштары видеодон таанып, коңгуроо кага баштаган.