Билим берүү министрлиги: «Сапат» билим берүү мекемелери өз ишин улантат»

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемелери өз ишин улантарын билдирди.

Министрлик «Маариф» фонддун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу жөнүндө талкуу болгон.

Кыргыз өкмөтү белгилегендей, “Сапат” билим берүү мекемелеринин «Маариф» фондунун башкаруусуна өтүшүнө карабай тарбиялануучуларынын, окуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективалары жакшырат. “Маариф” эл аралык фондунан да билдиришкендей мекемелердин ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурабайт.

«Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык билим берүү процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот»,- деп айтылат маалыматта.