Билим берүү министри: «Балдарды 3 нөөмөттө окуткан мугалимде кайсы күч калат?»

Азыркы күндө мугалимдердин айлыгы аз, деди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосунун эфиринде.

Анын айтымында, мугалимдер сабактын жүктөмүнө жараша 10-16 миңге чейин айлык алышат.

«Мектептеги сабагы, документация, тарбиялык иштер, класстык иштер деп отуруп, мугалимдер бир эле учурда 2-3 нөөмөттө балдарды тейлеп жатышат. 138 мектеп 3 нөөмөт менен окуйт. Финляндияда 2 нөөмөт менен да окуган мектеп жок. Бизде 7ден 11ге чейин бир группаны, 11ден 3кө чейин бир группаны, 3төн 7ге чейин дагы бир группаны кабыл алышат. Ошол мектептин мугалимдеринде, директорунда, техникалык персоналдарда кандай күч калат?» — деди министр.

Анын сөзүнө караганда, дүйнөдө илим изилдөөгө орто эсеп менен мамлекеттен 1% акча бөлүнөт, а бизде — 0,1% — 10 эсе төмөн.

«Балдарга кошумча куралдар алынбаса, материалдык-дидактикалык приборлор берилбесе, көрсөтмө куралдар жасалбаса, балдар эмненин негизинде билим алат? Андыктан, билим берүүнү өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир сумманы белгилешибиз керек. Бул маселени көтөрүп жатабыз», — деп айтты Бейшеналиев.