Иманалиев китеп чуусунан улам кеттиби? Министр кызматына талапкердин жообу

Билим берүү министри кызматына талапкер Догдуркүл Кендирбаева экс-министр Каныбек Иманалиев эмнеге кызматтан кеткенин айтты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети билим берүү министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карады. Депутат Айбек Маткеримов андан мурунку министр эмне үчүн кызматтан кеткенин сурады.

Кызматтан бошотулган себебин билерин айтты. «Окуу китептери менен камсыздоо маселеси чечилген эмес. Мен мунун үстүндө иштейм. Экинчиден, билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтууга аракет кылам», — деди ал.