Билим берүү жана илим министрлиги мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калганын билдирди.
Үстүбүздөгү окуу жылынын экинчи чейрегинен тарта жарандар билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон бул инновациялык инструментти пайдалана алышат. Электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Министрлик тарабынан иштелип чыккан электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз болот.