Билим берүү министрлиги: «Урааным Манас» кароо-сынагы республика боюнча токтотулду

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Сузак районунда автокырсыктан жабыркаган балдардан Жалал-Абад облустук балдар клиникасына бүгүн, 3-майда түндө барып кабар алды.
Министр ошол жакта калып балдардын абалы менен таанышып, ата-энелерине тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин билдирди. Балдардын ден соолугуна бардык аракетин жасап, кам көргөн медиктерге ыраазычылык билдирди. Министрлик медициналык уюмдар жана баардык тараптар менен кызматташып, балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө толук колдоо көрсөтөт.
Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан «Урааным Манас» кароо-сынагы республика боюнча токтотулду. Мындан тышкары Жогорку окуу жайлардын психолог педагогдору тартылып, жеринде балдар жана ата-энелер үчүн күн-түнү тамак ашы, жатаканасы менен убактылуу кризистик борбор уюштурулат.