Мектептерди ачуу курч маселе бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинин жыйынында билим берүү минстрликке сунушталып жаткан Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
“Бул абдан курч маселе бойдон калууда. 2-3-чейректе биз мектептерди кайра жандандыруу боюнча бирдиктүү иштер алып барылды. Бишкектеги мектептер атайын киргизилген алгоритмдин негизинде иштеп жатат. Тактап айтканда, 1-4-9-11-кластар салттуу турдө окуп жатышса, калган класстар онлайн окуп жатышат.
Жогорку окуу жайда 4-курстун, магистратуранын студенттери жана медициналык багытта окуган студенттер окууга кирди. Ал эми гуманитардык багыттагы 1-2-3-курстун студенттери окууга кире элек.
Ал эми өлкө боюнча 1617 бала бакча болсо, 1132си окууга киришти. 485 бала бакча онлайн окуп жатат.
Ар бир жергиликтүү бийлик өзүнүн аймагындагы бала бакча жана мектептерди кайсы форматта окутуу керек экендигин жергиликтүү санэпидемиология менен кеңешип, ачышмак. 2 жуманын ичинде толук окууга өтөбүз деп күтүп жатабыз”- деди Бейшеналиев.