BioNTech жана Pfizer омикронго каршы жаңы вакцина чыгарышты

BioNTech жана Pfizer «омикронго» каршы жаңы вакцина чыгарышты. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Компаниялардын жаңы өндүрүмдөрү Европада SARS-CoV-2 вирусун жугузуу санынын өсүшүнө алып келип жаткан омикрондун BA.4 жана BA.5. варианттарына каршы натыйжалуулугун көрсөтүшкөн.

«BioNTech немис фармацевтикалык компаниясы жана анын америкалык өнөктөшү Pfizer SARS-CoV-2 коронавируска каршы эки вакцинаны ийгиликтүү изилдешкенин билдиришкен. Алар омикрондун BA.4 жана BA.5 варианттары менен күрөшүүгө жөндөмдүү. Эки дармектин натыйжалуулугун курагы 56 жаштан өйдө 1234 адамдын катышуусундагы клиникалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө сынашкан. Эки вакцина тең азыркы дармекке караганда омикрондун BA.1 вариантына кыйла жогорку иммундук жооп көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.