«Бир берген суроосун 215 жолу беришти». Мадумаров сурактан чыкты

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы чакырган кезектеги сурактан чыкты. Аны имараттын сыртынан тарапташтары тосуп алды.

«Суракка дагы чакырылдым. Дүйшөмбү күнгө, 24-январь саат 10:30га дешти. Жумушка келгендей эле суракка келип жатам. Мүмкүн болушунча Жогорку Кеңешке киргизбей, ушул жакта кармайын деп жатышат окшойт. Каршы көрсөтмө берсеңиз дегендей кылып райондук жетекчилерден өйдө чакырышыптыр. Мени тааныбай койгон кишиден сурак алып жатышканы — бул абийирсиздик. Бул өлкөдө мыйзамдуулук деген түшүнүк жок болуп бара жатат. Бир берген суроону 215-жолу берүүнүн кажети жок», — деди депутат.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан бери дээрлик күн сайын сурак берүүгө келип жатат. 19-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кайрылуу таратып, протоколдун көчүрмөсүн жарыялаган.