Бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
8-марттан тартып, бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
Алар:
- Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөөөсү жок башкаруу;
- Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;
- Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (40 чакырым/сааттан көп, 60 чакырым/сааттан көп эмес; 60 чакырым/сааттан ашуусу)
- Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;
- Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;
- Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;
- Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.