Бир катар министрликтердин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү (сүрөт)

Бүгүн, 13-июлда бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ар бир министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коронавируска каршы вакцина алгандар:

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын кызматкерлери;

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу уюмдардын эмдөөдөн өтө элек кызматкерлери;

ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери;

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери;

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги;

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги;