30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо бир катар округдан мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков маалымдады.
— Бийлик шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын эскертип, талапкерлерге добуш сатып албоону, ал эми шайлоочулардан добуш сатпоону катуу талап кылган. Эгер мыйзам бузуу фактылары катталса, ошол шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылаары дагы айтылган. Ага карабастан, шайлоо учурунда бир топ мыйзам бузуулар орун алып, көп фактылар катталды.
Массалык мыйзам бузуу аныкталган №13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалаары айтылды. Көп добуш чогултуп мандат ала турган үч талапкер четтетилди. БШКнын чечимине ылайык, кийинки шайлоого бул округдан катышкан мурдагы талапкерлер кайрадан катыша албай турганы айтылды.
Мыйзам бузуулар башка аймактарда дагы болгон. Шайлоонун эртеси эле ар кандай далилдер тиркелген видеолор социалдык байланыш тармактарында жарыяланып жатты. Алардын бири, №8 округдун №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео элдин талкуусунда калды. Анда, пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышкан.
Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Эл арасында “ушул кантип таза шайлоо болсун, добуштарды оптом эле сатып алган тура”, – деген пикирлер айтылып жатты. Бул окуядан кийин Аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алышкан.
Ошондой эле келип түшкөн арыздардын негизинде, Аймактык комиссиянын чечими менен 26-округдун №7030, №7029 жана №7028 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.
Мындан тышкары, массалык мыйзам бузуу, добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган 9-округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тиешелүү материалдарды каттап, алардын негизинде иш жүргүзүп жатат. Аларга дагы мыйзам чегинде укуктук баа берилет. Интернетте жарыяланган фактылардан тышкары, Ички иштер министрлигине келип түшкөн башка фактылар, материалдар бар.
Шайлоо комиссияснын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен, шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боёк берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн. Бирок, бир чындык бар – ал, шайлоону таза өткөрүү принциптерине каршы келген фактыларга эч ким көз жумбайт. Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, мыйзам бузулган факты болсо, эч кимди аябайт”, — деп жазды ал.