«Бир туугандарыбыз келди». Кыргызстандын куткаруучулары Түркияга жетти (видео)

Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жиберген. Алар кечээ, 7-февралда Стамбулдан ары жер титирөө катталган Кахраманмарашка жөнөп кетишти.

Селжан Асйали аттуу соцтармактын колдонуучусу видеону баракчасына жарыялап, аларга ыраазычылык билдирген. «Аэропортто аябай таасирлендим. Издөө-куткаруу үчүн бир туугандарыбыз келди», — дейт ал видеодо.