«Бир тууганы донор болот». 34 жаштагы жарандын бөйрөгү бекер алмаштырылат

Кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде жасалат.

Бүгүн, 12-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды. 34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот. Дарыгерлер министрге билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Маалымат үчүн:

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолору менен жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин кайрылса болот;
Нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева (0700 62 77 16);
Трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков (0550 22 77 01).