«Бир тыйыны да бюджетке түшкөн эмес». Абылгазиев Дача-СУ кырсыгы боюнча маалымат берди

Бүгүн, 8-сентябрда экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дача-СУ аймагындагы авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын жыйынына келди.

Анын айтымында, 2017-жылы ал биринчи вице-премьер болгон. 16-январь күнү ал дароо окуя болгон жерге барган. Мурдагы чиновник жабырлануучуларга жардам катары кыргызстандыктар чогулткан акча бюджетке которулган деген маалыматты четке какты.

«Эл тарабынан которулган акчанын бир тыйыны да бюджетке түшкөн эмес. Кырсыктан кийин аэропортко кеткен чыгымдарга, ӨКМдин муктаждыктарына жана башка каражаттарга бюджеттен акча бөлүндү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.