Бир түндө жылдыз болгон Турусбекованын апасы: «Кызымдын тушоосун 1,5 жашында сахнадан кескенбиз»

3 ай мурун Бишкектеги “Ынтымак” паркында ырдап бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова апасы Сырга Мусаева менен SUPERTV телеканалына маек берди. “Менин жетпей калган кыялыма кызым жетип жатканына кубанычым коюнума батпай жүрөт” дейт ырчы айымдын апасы.

«Менин да ырдап жиберчү адатым бар. 50 жашка чейин ырдадым. Райондо мекемелер арасында кароо-сынак өттү. Ошондогу программада элдик каада-салттар деген бар экен. Биз тушоо кесүү кылалы дедик. «Эже, сиздин эле кызыңыздын тушоосун кесип койбойлубу» деп калышты. Жок демек белем. Тушоосун сахнада кесип, байгесин берип, чачыласын залдагы көрүүчүлөргө да бердик. 1,5 жашында тушоосун сахнадан кескенбиз»,— деди апасы.