СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен шаарынын 25 жаштагы тургуну Элмира Абдыкалыкова кайрылып, ушул жылдын 19-июнунда Ош шаарындагы төрөтканада 3 эм кыз жарыкка алып келгенин айтты.
«Ушул жылдын 19-июнунда Ош шаарында 3 эм төрөгөм. Аттарын Мариям, Муслима, Малика деп койдук. Бул менин экинчи төрөтүм. Улуу кызым бар.
Мен көз жарганда Баткен мэриясы 10 миң сом, 3 коляска берген. Сүйүнчү пул катары 150 миң сом алганбыз. Азыр Баткен шаарындагы үйдө кайненем, 2 кайнагам жана алардын үй-бүлөсү болуп жашайбыз. Жөлөк пул да чегерилген жок. Жолдошум мурда Орусияда иштечү. Мен көз жарганы балдарды карашканы келди. Буга чейин жер сураганбыз, бирок майнап чыккан эмес. Эл катары бизге да жардам беришсе», — дейт ал.