Социалдык тармактарда 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси Боом капчыгайында табылган. Милициянын берген маалыматына ылайык маркум күч-колдонуп зордукталып, андан кийин өлтүрүлгөн. 17 жаштагы Айсулуунун агасы окуянын чоо-жайын айтып берди.
«Кылмышка шектүүнү милиция издеп тапты. «Кармадык, мойнуна алды» деп айтышты. «Өлтүрүп, ыргытып жиберди» деп жатышат ушул чынбы?» деп тергөөчүгө чалсак, «ооба» деди. Шектүүнү буга чейин таанычу эмеспиз. Унаанын номуру аркылуу катталган адамды издедик. Милиция ошол аркылуу сүрөтүн таап берди. Унаа арестте болчу экен.
Кыздын бир дагы адамга жаманчылыгы жок болчу. Үй-бүлөбүздө уруш, кыйкырык болчу эмес. Үйдөн качкан учурлары да болгон эмес. Курбу кызыма барам деп чыккан. Үй-бүлөдө карындашым 3 бир тууган эле. Эки иниси бар. 27-сентябрда издөө башталып, кечээ Боом капчыгайынан сөөгүн таптык. Бир үйдүн жалгыз кызы эле. Айлабыз жок»,- деди агасы.












