Шаршемби, 25.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бири үйлүү болсо, бири баласын колуна алып… 2021-жылы SUPERTV менен жашоосу жакшы жакка өзгөргөн каармандар

14:42 03.01.2022
0
Бири үйлүү болсо, бири баласын колуна алып… 2021-жылы SUPERTV менен жашоосу жакшы жакка өзгөргөн каармандар

SUPERTV коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып, аянычтуу тагдыр ээлеринин, чындык издеп чыркыраган замандаштарыбыздын үнүн угуп келет. 2021-жылы да бул тармакта бир катар видеолорду тарттык. Биз баянын угуп, видеону коомчулукка жарыялаган соң каармандардын бир тобунун маселеси оң тарапка чечилип, дагы бир тобунун жашоосу жакшы жакка өзгөрдү. Бул ирет биз 2021-жылга саресеп салабыз.

Өтүп бара жаткан жылдын июнь айында Назгүл Ахматова аттуу келин SUPERTV’га кайрылып, элден жардам сураган эле. «Күйөөм мени «чаарала» деп кемсинтет» деген аталыштагы видео жарык көргөн соң, көрүүчүлөр арасында келинге жардам бергендер четтен чыгып, анын айрым маселелери чечилген. Кийин Ахматова эгиз кыздарын жарыкка алып келгенде да, жаңылап видео тартканбыз. Биз Назгүл Ахматова менен ушул кунгө чейин байланышып, кабар алышып турабыз. Ал учурда Кара-Балта шаарында кайрымдуу адамдар тарабынан убактылуу жашоо үчүн берилген үйдө балдары менен жашап жатканын айтты.

2021-жылдын апрель айында Баткенде кыргыз-тажик чек арасына байланышкан кагылышуудан кийин чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынын 12 жаштагы тургуну Адилдин президентке кайрылуусун тартып чыгарган элек. Бала атасы да чек аранын айынан Орусияда убактылуу кармоочу жайда отурганын, чек арага жакын жашоонун кандай кооптуу экенин айткан. Видео SUPERTV’да жарыяланган соң президент Садыр Жапаров Адил Абдурахимов менен жолугуп, атасына байланышкан маселени чечип берүүнү убада кылып, белек тапшырган. Ал эми учурда Адил Токмок шаарындагы лицейлердин биринде билим алып жаткан кези.

Дал ошол апрель окуяларында бейкүнөө 36 адамдын өмүрү кыйылып, алардын арасында Лейлектин 12 жашар тургуну Мадина Рахматжанова да бар эмес беле. Он гүлүнүн бири ачыла элек Мадинанын жанын тажиктер тараптан жааган миномёттун огу алып кете берген. Эң өкүнүчтүүсү – ал апасынын көз алдында каза тапты. Биз ооруканада жаткан Мадинанын апасынан кабар алып, видео тартып келгенбиз. Бүгүнкү күнү үй-бүлө Баткенде мамлекет тарабынан берилген үйдө жашап жатканын жана жетиштүү жардам көрсөтүлгөнүн бизге Нарбүү Хамдамованын сиңдиси айтып берди.

“Тагдыр” көрсөтүүсүнүн алкагында биз ракка кабылган 4 жаштагы Шабдан аттуу бала тууралуу видео тартканбыз. Анын оорусуна дабаа издеген ата-энеси чоң суммадагы акча керектигин айтып, биздин редакцияга кайрылган. Кечээ жакында биз каарманыбыздын ата-энесине байланышып, кубанычтуу кабар уктук. Алар учурда Шабдандын абалы жакшы жана Индия мамлекетинде дарыланууда жүргөнүн айтышты.

2021-жылдын январь айында биз «Жыландар менен аралашып жашайбыз» деген үй-бүлөнүн баянын чагылдырганбыз. Анда Ибраимовдордун үй-бүлөсү Кара-Балта шаарындагы көрүстөндөрдүн биринин жанында жыландын уюгуна катар жашап келишкенин айтып беришкен. Бул видеону 600 миңге чукул көрүүчү көрүп, жардамга кол сунгандар болду. Арадан 5 ай өткөндөн кийин кайрымдуу адамдардын көмөгү менен аталган үй-бүлө жаңы үйгө көчүп барышкан. Азыркы тапта 8 балалуу Ибраимов жаңы үйүндө жашап жаткан учуру.

Эсиңиздерде болсо, биз Ош шаарынын четинде 5 баласын жалгыз баккан Сүйүн Кудайбердиев аттуу адамдын тагдырын көрсөткөнбүз. Ал бизге берген маегинде “аялым үйүң жок болсо сени менен жашабайм, балдарды өзүң багып ал деп кетип калды” деген эле. 5 баласын жалгыз баккан каармандын баяны биздин каналда көргөндөн кийин Кудайбердиевге көптөгөн кайрымдуу инсандар жардам көрсөткөн. Биз каарманыбыз менен байланышып бүгүнкү күндөгү абалын сурап, мындай жооп алдык. «Силер тартып кеткенден кийин кайрымдуу адамдар балдарды жуунтуп-тарантып кетишти. Анын эртеси эле келип, колума 65 миң сом тапшырып кетишти. Азыркы учурда 4 балам балдар үйүндө, бирөө наристелер үйүндө жашап жатышат» дейт.

2021-жылдын 7-апрель күнү Бишкектеги «Өчпөс отту» өчүрүүгө аракет кылган блогердин видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Бул жоруктун авторун милиция кызматкерлери 1 сааттын ичинде кармап, эскертүү беришкени эсиңизде болсо керек. Биз дал ошол блогер Аргенден окуянын чоо-жайын билип маек курганбыз. Бул окуя кандай жыйынтыкталганын билүү үчүн Аргендин апасына кайрылганыбызда ал “Соттун бул боюнча чечими арадан жарым жыл өткөн соң 26-октябрда белгилүү болду, бул иш боюнча сот ага карата 30 миң сом айып төлөө жана 30 сааттык коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды, биз айып пулду төлөдүк” деди.

Мындан бир канча ай мурда SUPERTV’га “Өгөй атам зордуктап, төрөдүм. Азыр ал менин күйөөм” деген аталыштагы видео жарык көргөн. Видео чыккандан кийин каарманыбызга түрдүү жардам көрсөтүлүп, убактылуу жашоочу жай да табылган. Биз бул убакыт аралыгында каарманыбыз Гүлнур Тарас кызынан кабар алып турдук. Кийинчерээк биз көпчүлүктүн суранычы менен анын жашоосу кандай өзгөргөнү тууралуу да видео тарттык. Ал эми бүгүн Гүлнур Тарас кызы кайда жана эмне менен алектенип жатканына кызыгып, байланышсак, мындай деди: «SUPERTV’га видео чыккандан кийин документке байланыштуу бир топ маселелерим чечилди. Андан кийин 2 балам менен Казакстанга атамдын жанына келдим. Келерим менен автобуста кондуктор болуп иштеп алдым. Азыр Кудайга шүгүр, күнүнө 6000 теңге таап, айына 25 миң теңге төлөй турган батирге кирип алдым. Баарына рахмат».

Ушул жылдын сентябрь айында Гүлзат Үсөн кызы аттуу келиндин баласына байланышкан таржымалын чагылдырган элек. Анда ал жокчулуктун айынан баласын колуна көтөрүп кайыр сурап жүрүп, уулун социалдык кызматкерлерге алдырып алганын айткан. Видео жарык көргөндөн 20 күн өтүп-өтпөй, эне-бала табышты. Уулун колуна кармап маңдайы жарыла кубанган эне биздин телеканалга ыраазычылыгын билдирди.

Биздин дагы бир каарманыбыз омуртка оорусуна кабылган кичинекей Элхан Кубатбеков эсиңизде болсо керек? Ал апасы экөө бизге маек берип, элдин жардамына муктаж экенин айтышкан. Биз Элхандын азыркы абалын сурап байланыштык. «Биз Индия мамлекетине, андан кийин Түркияга барып келдик. Элхандын аралыгы айдан бөлүнүп, төрт жолу операция жасалат экен. Ошентип, 14 жашка чейин операция жасатып турат. Элханды элге аралашысын деп, мектепке бердик. Акыбалы азыр деле оор. Бизге жардам кылып кол сунган элге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз» дейт каарманыбыздын апасы Айзат Бекиева.

Элхан да өз кезегинде мындай кайрылуу жасады: «Ата-энелер, чоң апа, чоң аталар, сиздерге жардамыңыздар үчүн чоң рахмат. Жакында Түркияга дарыланганы кеткени жатабыз. Ар бириңиздерге Жараткан ыраазы болсун«.

Жогоруда биз 2021-жылы SUPERTV‘га тартылган каармандарынын айрымдары тууралуу гана айттык. Биз мындан ары да ушул агым менен күжүрмөн эмгек кылып, маалыматтык колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. 2022-жыл жакшы жаңылыктарга бай болсун! Жаңы жылыңыздар менен!

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Алтынай Тынышова

Алтынай Тынышова

Окшош

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:28 24.03.2026
0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты...

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:05 24.03.2026
1

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин...

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:02 24.03.2026
0

Кыргызстанда 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эртең мененки жана кечки жогорку...

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:01 24.03.2026
0

Октябрь районунун жаңы акими болуп Чуштуков Жолдош Бахтиярович дайындалды. Ал буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген. «Тазалык»...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

09:18 24.03.2026
20 миллион сомдон ашык… Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

20 миллион сомдон ашык... Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

15:15 24.03.2026
«Орто-Сай» базарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аким кызматтан бошотулду

"Орто-Сай" базарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аким кызматтан бошотулду

09:50 24.03.2026
Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

1
20 миллион сомдон ашык… Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

20 миллион сомдон ашык... Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

1
1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

18:10 24.03.2026
Өлкөдө 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болгон

Өлкөдө 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болгон

17:32 24.03.2026
Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

17:28 24.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү