Кечээ, 2-октябрда социалдык тармактарда 8 жаштагы кыздын дүкөнчүгө адашып кеткенин айтып жаткан видео тараган. Анда кыз апасы аны дүкөнгө жөнөткөнүн, жолдо аны бирөө башка чапканын, жер төлөдө эсине келгенин айтып, ал жерден качып чыкканын билдирген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя такталбаганын билдиришти. «30-сентябрда дүкөндүн сатуучусу кыздын айтканынан кийин милицияга кайрылган. Милиция териштирүү иштерин жүргүзгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кызды ата-энеси тил укпаганы үчүн урушканы, кыз үйүнөн чыгып, дүкөнгө барып, калп айтканы аныкталды. Учурда кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү жүрүп жатат», — дешти.