Бишкек АШК партиялардан үгүт иштерин онлайн режиминде жүргүзүүнү өтүндү

Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышкан партияларга кайрылды.

Аймактык шайлоо комиссиясы БШКнын 2021-жылдын 14-мартындагы чечими менен бекитилген Кыргызстанда шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин сунуш кылынгандыгын эске салды. Анда үгүт иш-чараларын онлайн- телекөрсөтүү, радио, аудио жана видео форматтарда жүргүзүү сунушталган. 

Офлайн жолугушууларды көпчүлүк адамдардын чогулушуна жол берилбестиги боюнча талаптарды эске алуу менен ачык асман алдында өткөрүү сунушталат.

Бишкек АШК санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык чараларды сактоону жана 50дөн ашуун шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрбөөнү сунуштайт. Үгүт иштери 21-июнда башталган. Ал 10-июль саат 8:00гө чейин уланат.