Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча поезд каттай баштады. Билет 69 сом турат

Бүгүн, 18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек каттамы боюнча поезд каттай баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча поезд эс алуу мезгили аяктаганга чейин аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.

Билет баасы — 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге — 34 сомдон, 10 жаш жана андан улууларга — 69 сом. Ал эми 5 жашка чейинки балдарга акы алынбайт. Поезд «Бишкек-1» станциясынан саат 7де жөнөп, «Балыкчы» станциясына саат 11:59да жетет, ошол эле каттам кайра Балыкчыдан саат 17:15те чыгып, Бишкекке 22:03тө келет.

«Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз беткап тагынып саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган», — деп кошумчалашты ишкананын басма сөз кызматынан.