Бишкек-Балыкчы-Бишкек каттамы: Жарнамада жана чындыгында кандай? (видео)

18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек каттамы боюнча поезд каттай баштаган. Каттам боюнча берилген жарнаманы көргөн адам поезд менен эле жүргүсү келет. Бирок чыныгы жашоодо поезддин ичиндеги шарттар таптакыр башкача. Жарнама менен чыныгы жашоодогу поезддин ичи кандай экенин салыштырган видео социалдык тармактарда тарады.