Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүп жатат

Бүгүн, 1-августта жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болсоңуз, “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.