Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.