Бишкек жана Ош шаардык кеңештин депутаттары мэрликке талапкер көрсөтө алышпайт. Долбоор

Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Ош калааларынын мэрлеринин кызмат ордуна шаардык кеңештердин фракциялары жана коалициялары талапкерлерди көрсөтүүсүн мындан ары токтотууну сунуштады. Бул тууралуу “КРдин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорунда айтылат. Долбоор мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Биринчи окуу 22-июлга белгиленди.

Тактап айтканда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда:

Белгилей кетсек, азыр Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери шаардык кеңештер тарабынан шайланат. Шаардык кеңештин фракциясы, фракциялардын коалициясы жана премьер-министр талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.