Бишкек жана Ошто Акыркы коңгуроого байланыштуу майрамдык иш-чаралар кандай форматта өтөт?

Ош шаарында Акыркы коңгуроого байланыштуу бардык майрамдык иш-чаралар онлайн өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Ал эми Бишкекте салттуу линейка болбойт.

«Ар бир класс өзүнчө өткөрөт.  Бул сабактын акыркы сааты сыяктуу болот, расписание боюнча. Бирок ачык жерде өтөт. Биз кенже класстарды чакырбайбыз, коноктор дагы болбойт”, — деди Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева.

24-25-май күндөрү аталган шаарларда бүтүрүүчүлөрдүн кечелери жана башка датага байланыштуу салтанаттарды өткөрүүгө жол бербөө үчүн рейддер уюштурулат.