«Бишкек жашыл чарба» жана «Бишкек суу чарба» ишканалары бириктирилди

Борбор калаада «Бишкек жашыл чарба» жана «Бишкек суу чарба» ишканалары бириктирилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат. Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын 6-февралдагы №17 токтому менен «Бишкек жашыл чарба» жана «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды. Азыр аталган ишкана «Бишкек жашыл курулуш» мамлекеттик ишканасы деп аталат»,- дешти.

Белгилей кетсек, буга чейин «Бишкек суу чарбаны» жетектеген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды.